Кыргызстанда күн батареяларын чыгарган завод ачылды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевОткрытие завода по производству солнечных батарей ОсОО "НьюТэк" в Ак-Чийе
Открытие завода по производству солнечных батарей ОсОО НьюТэк в Ак-Чийе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Немис инвестору жыл сайын 1-1,5 миллиард сомго продукция чыгарган завод курду.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. "Бишкек" эркин экономикалык аймагында күн батареяларын чыгаруучу завод ачылганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев өндүрүштүн абалы менен таанышты.

"Жыл сайын чыгарыла турчу продукциянын көлөмү 1-1,5 миллиард сомду түзөт. Бул жакта чыгарылган товар Евразиялык экономикалык биримдиктин аймагына сатылат", — деди Абулгазиев.

Компания Калининградский деликатес - Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБ шартына ылайык лаборатория курууга 250 млн. сом жумшалат
Ал ошондой эле мындай ишканаларды куруу экономиканын өнүгүшүнө жакшы шарт түзө турганын кошумчалады.

Өкмөттүн маалымат кызматы тараткан билдирүүгө ылайык, аталган ишкана Германиядагы инвесторлордун жардамы менен курулган. Андан сырткары акыркы үлгүдөгү заманбап технология менен жабдылган. Заводдо атайын окуудан өткөн Кыргызстандын жарандары иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0