Кувейт фонду жогорку чыңалуудагы "Тамга – Каракол" линиясынын курулушун каржылайт

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүЭлектр зымы. Архив
Электр зымы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кувейт фондунун жетекчилери Кыргызстанга грант катары 1 миллион доллар бөлүү тууралуу келишимге кол койду.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. "Тамга — Каракол" жогорку чыңалуудагы 220 электр линиясын куруу үчүн Араб экономикалык өнүгүү боюнча Кувейт фонду 1 миллион доллардан ашык каражат бөлөрүн КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Шаршемби күнү Кыргызстандын Кувейттеги элчиси Жусупбек Шарипов Араб экономикалык өнүгүү боюнча Кувейт фондунун Азия менен кызматташуу директору Юсуф Аль-Бадр менен жолукту.

"Жолугушуунун жыйынтыгында Аль-Бадр Араб экономикалык өнүгүү боюнча Кувейт фондунун жетекчилиги тарабынан кол коюлган кат келишимди тапшырды. Анда жогорку чыңалуудагы "Тамга — Каракол" линиясынын курууну каржылоо каралган", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле тараптар Кыргызстан менен Кувейт фондунун кызматташуусу боюнча кеңири маселелерди талкуулады. Анын ичинде 2017-жылы Бишкекте араб фондунун катышуусу менен үчүнчү ирет тегерек стол өткөрүү боюнча да сөз жүрдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0