"Ак кеме" мейманканасына финансы министрлиги ээлик кылат

Жазылуу
Мейманкананын мурдагы ээси Финансы министрлигине карыздарын толук төлөп берген эмес. Ошондой эле аны сатуу боюнча болгон эки аракет ийгилик алып келген жок.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. "Ак кеме" мейманканасын кайтадан сатуу 1-ноябрга белгиленген, бирок бир да билдирме келип түшпөгөндүктөн аукцион ишке ашпай калганын Sputnik Кыргызстан агенттигине Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинин маалымат кызматынан билдиришти.

Биринчи аукцион 11-октябрга пландалган, бирок эч кандай билдирме түшпөгөндүктөн ал ишке ашпай калган. Мейманкананын баштапкы баасы 955 миллион 805 миң сомду түзгөн. Экинчи аукцион 1-ноябрга белгиленип, мыйзам боюнча кыймылсыз мүлктүн баасы 10 пайызга азайган.

"Экинчи аукцион дагы билдирмелер түшпөгөндүктөн болбой калды. Ушундан улам экономикалык иштер боюнча сот аткаруучулар КР Финансы министрлигине сатылбай калган мүлккө ээлик кылуу укугун өзүнө калтыруу боюнча кат жөнөттү", — деп департаменттин маалымат кызматы билдирди.

Башында "Ак кеме мейманканасы" ЖЧКсы Финансы министрлигинин пайдасына 452 миллион 487 миң сом төлөп бериши керек болчу. Бирок ал өз ыктыяры менен андан баш тарткан.

"Ак кеме" мейманканасынын асмандан көрүнүшүн бул жактан караңыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0