Бишкектеги Сүйөркулов көчөсүнө 16 млн. сомго асфальт төшөлөт

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖол оңдоо иштери. Архив
Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тендер кечээ жарыяланып, мөөнөтү 23-ноябрда аяктайт.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. "Бишкекасфальтсервис" ишканасы Сүйөркулов көчөсүнө асфальт төшөө үчүн тендер жарыялады. 

Көпүрөдөн өтуп бараткан адамдар. - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарында эки көчөнү бириктирген 40 млн. сомдук көпүрө курулат
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда ишкана капиталдык ремонт иштерин жүргүзүүгө 16 миллион 470 миң 474 сом сарптоону пландап жатат. 

Тендерди уткан компания Сүйөркулов көчөсүнүн Карл Маркс көчөсүнөн Каралаев көчөсүнө чейинки бөлүгүн келерки жылдын 1-майына чейин бүтүрүүсү керек. 

Тендер кечээ жарыяланып, мөөнөтү 23-ноябрда аяктайт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0