Евразия экономикалык кеңештин 2017-жылга бюджети талкууланды

© Sputnik / Дмитрий Астахов / Медиабанкка өтүүПремьер-министр РФ Д. Медведев принял участие в заседании Евразийского межправительственного совета
Премьер-министр РФ Д. Медведев принял участие в заседании Евразийского межправительственного совета - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белоруссияда өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңеш жыйынынын соңунда маанилүү маселелер каралып, документтерге кол коюлду.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Белоруссиянын Минск шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңеш жыйынынын соңунда бир катар документтерге кол коюлганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди..

Заседание Евразийского межправсовета в Минске - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбеков Минскиде ЕАЭБ тоскоолдуктарын эске салды
Жыйын жүрүшүндө бир нече актуалдуу маселелер талкууланып, тиешелүү документтерге кол коюлду.

Алсак, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин "2015-жылга Евразия экономикалык комиссиясынын бюджеттин аткарылышы, жылдык отчету жөнүндөгү" чечиминин долбоору талкууланды. Ошондой эле "2017-жылга Евразия экономикалык биримдигинин бюджети тууралуу" чечиминин долбоору каралды.

"2015-жылдын 8-сентябрындагы "Кийим, жүндөн жасалган кийимдерге тиешелүү бөлүктөр жана башка буюмдар" боюнча макулдашууну 2015-2016-жылдары ишке киргизүү боюнча пилоттук долбоорду (идентификациялоо) товардык позициядагы белгилери боюнча маркировкалоо тууралуу келишимге кол коюу жана протоколдун мөөнөтүн узартуу тууралуу маселе да каралды", — деп айтылат маалыматта.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 2016-жылдын ноябрь айында Москва шаарында өтөт. Жыйынга төрагалык кылуу Казакстандан Кыргызстанга өткөрүлүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0