Сооронбай Жээнбеков Минскиде ЕАЭБ тоскоолдуктарын эске салды

Жазылуу
Кыргызстан интеграциялык бирикмедеги документтерди иштеп чыгууга батыл киришип жатат, бирок алар улуттук кызыкчылыктарды да коргошу керек деп айтты премьердин милдетин аткарып жаткан жетекчи Минск калаасында.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Евразиялык экономикалык бирикме ички тоскоолдуктар турганда толук кандуу иштебейт жана кеңейбейт деп билдирди өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан Сооронбай Жээнбеков. 

Өкмөттүн маалымат кызматы Жээнбеков Минск шаарында Евразиялык өкмөт аралык кеңештин отурумуна катышып жатканын кабарлады.

Ал жыйында Кыргызстан ЕАЭБге кирүү боюнча келишимдин документтерине кол коюп, аны менен бирге эле ар кыл тармактарда улуттук кызыкчылыкты коргой турган принциптерди карманарын айткан. 

"Бул өлкөнүн өнүгүүсү үчүн бирден-бир жол болуп турат. Биз маанилүү деп эсептелген ЕАЭБдин Бажы кодексин, товарлардын өтүшүн көзөмөлдөө жана аларды белгилөө боюнча документтерди иштеп чыгууга активдүү катышып жатабыз. Анткен менен бул бирикменин документтери улуттук кызыкчылыктарга жооп берип жана кадимкидей иштеши зарыл",— деп белгиледи Жээнбеков.

Ал ЕАЭБ мүчөлөрү үчүнчү өлкөлөр менен соода-экономикалык макулдашууларды түзүүгө маани берерин, бул "Чоң Евразиялык мейкиндик" түзүүгө дем берип, интеграциялык биригүүнүн беделин көтөрөрүн билдирди.

"Ошону менен бирге, активдүү эл аралык ишмердүүлүк ири сандагы тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү алып салууну эске алууга тийиш. Азыркы кезге чейин Биримдик үчүнчү өлкөлөргө соода жүргүзүүнүн преференциалдык режимин сунуштаганча ЕАЭБдин курамындагы өлкөлөрүн эркин товар жүгүртүүнү камсыздоо үчүн бардык ички тоскоолдуктарды жоюу зарыл. Кандай гана чечим кабыл албайлы, улуттук кызыкчылыктарды коргоо менен бирге бири-бирибизге колдоо көрсөтүү, Евразиялык интеграцияны глобалдашуу шартында да, ички шартта да бекемдөө өтө маанилүү", — деп жыйынтыктады Жээнбеков.

Кыргызстандан барган делегациянын курамында вице-премьердин милдетин аткаруучу Олег Панкратов, Транспорт жана жолдор министринин милдетин аткаруучу Замирбек Айдаров, Мамлекеттик бажы кызматынын милдетин аткаруучу Азамат Сулайманов жана башкалар бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0