ЕАЭБ шартына ылайык лаборатория курууга 250 млн. сом жумшалат

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүКомпания "Калининградский деликатес"
Компания Калининградский деликатес - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында 2016-жылдын 9 айына карата республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу маалымат угулду.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. 2017-жылы "Капиталдык салымдар" беренесин каржылоого ички булактардан 2,9 миллиард сом каралды. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ЖКнын бюджет жана финансы комитетинин кеңейтилген жыйында айтканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Премьер бюджеттик чыгаша эмненин эсебинен кыскарганын айтып берди
Жээнбековдун айтымында, бөлүнгөн каражаттын ичинен кошумча 250 миллион сом төрт жаңы лаборатория курууга жана ЕАЭБдин талаптарына жооп берген 13 ветеринардык диагностикалык борборду оңдоого жумшалат. 

Премьер-министр ошондой эле биринчи жолу район борборлорунун автожолдорун ондоого республикалык бюджеттен 750 миллион сом каралганын маалымдады.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында 2016-жылдын 9 айына карата республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу маалымат угулду.

Ошондой 2016-жылдагы бюджет жана 2017-2018 жылдарга божомол тууралуу мыйзам долбоору каралды.

Жаңылыктар түрмөгү
0