Атамбаев Улуттук банктын төрагасы менен экономикалык абалды талкуулады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев принял председателя Национального банка Толкунбека Абдыгулова.
Президент Алмазбек Атамбаев принял председателя Национального банка Толкунбека Абдыгулова. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушууда мамлекет башчы өлкөдөгү экономикалык кырдаал, акча кредиттик саясатын ишке ашыруу, алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн калыбына келтирүү жана акча рыногундагы жагдайды турукташтыруу боюнча маалымат алды.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алып, экономикалык абалды талкуулады. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирет.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковду кабыл алуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Президент Атамбаев министр Түгөлбай Казаковду кабыл алды
Жолугушууда мамлекет башчы өлкөдөгү экономикалык кырдаал, акча кредиттик саясатын ишке ашыруу, валюта курсунун кескин өзгөрүүсүн алдын алуу жана акча рыногундагы жагдайды турукташтыруу боюнча маалымат алды.

Ошондой эле Абдыгулов Ислам банкы менен биргеликте орто жана чакан ишкердикти колдоо максатында, каржылоо ислам талаптарынын негизинде иштеген эки жаңы каржы институтун ачуу аракеттери боюнча айтып берди.

Президент улуттук валютанын туруктуулугун жана каржылык бекемдигин камсыз кылуу өз кезегинде маанилүү экендигин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0