Коргоо министрлиги тик учакты 25 млн. сомго оңдоткону жатат

Жазылуу
Тендер 20-октябрда жарыяланып, мөөнөтү 10-ноябрда аяктайт.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Коргоо министрлиги МИ-8МТВ үлгүсүндөгү тик учакты оңдотуу үчүн тендер жарыялады. 

Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда министрлик оңдоо иштерине 25 миллион 411 миң 425 сом сарптоого даяр. 

Тендер 20-октябрда жарыяланып, мөөнөтү 10-ноябрда аяктайт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0