БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусу (ОКӨФ) 17-октябрга карата 144,4 миллион доллар насыя бергени аталган фонддун сайтына жарыяланды.
ОКӨФ Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кирип жатканда түзүлүп, өлкө экономикасын алга жылдырууга өбөлгө болмок. Анын уставдык капиталын 500 миллион долларга жеткирүү пландаштырууда.
Насыялык каражаттын 50 пайызы кайра иштетүүчү өнөр жай менен жабдууларды модернизациялоого багытталган. 16 пайызы транспорт, ал эми 15 пайызы айыл чарба жаатында пайдаланылган. Калган каражат энергетика, соода тармагына жумшалган.
Жалпы жонунан фонд тарабынан каржыланган долбоорлордун саны 516га жетти. Баарынан көп насыяны Бишкектиктер алса (136), эң аз таластыктар пайдаланган (19).