"Сүлүктү көмүр" ишканасынын электр энергиясына 7 млн. сом карызы бар

© Sputnik / Табылды КадырбековУгольное месторождение Кара-Кече
Угольное месторождение Кара-Кече - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КР өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев Сүлүктү шаарындагы "Сүлүктү көмүр" ишканасынын көмүр казуучу шахтасы жана административдик имараты менен таанышты.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. "Сүлүктү көмүр" ишканасы ушул жылдын сентябрь айынан баштап иштебей турат. Анын электр энергиясына болгон карызы 7 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.

Облус жетекчиси Абиш Халмурзаев "Сүлүктү көмүр" ААКнын ишин жандандыруу максатында атайын комиссия түзүп, жеринде абалы менен таанышты. Ишкананын 45 пайыз акциясы Мамлекеттик мүлк фондусуна таандык. 

"Ишканада жетекчилер тез-тез алмашып, көзөмөл болгон эмес жана көмүр сатуудан түшкөн акчалар көмүскөдө калган", — деп белгиледи Халмурзаев.

Ал ошондой эле түзүлгөн комиссия абалды толук изилдеп бүткөндө ишкананы кайра жандандырууга мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0