Куала-Лумпурда кыргыз-малайзиялык бизнес-форум өтөт

© flickr.com / Andy MitchellКуала-Лумпур шаары, Малайзия, архив
Куала-Лумпур шаары, Малайзия, архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чаранын жүрүшүндө жаңы өнөктөштөрдү табуу, экспорт үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу, малайзиялыктардын тажрыйбасын үйрөнүү пландаштырылууда.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Ноябрь айынын орто ченинде Куала-Лумпурда кыргыз-малайзиялык бизнес-форум өтө турганын Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 10-15-ноябрь күндөрү кыргызстандык ишкерлер форумга катышуу үчүн иш сапар менен Малайзияга барышат. 

"Анализ Кыргызстан менен Малайзиянын ишкерлери бири-бири тууралуу дээрлик эч кандай маалыматка ээ эмес экенин көрсөттү", — деп айтылат билдирүүдө. 

Иш-чаранын жүрүшүндө жаңы өнөктөштөрдү табуу, экспорт үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу, малайзиялыктардын тажрыйбасын үйрөнүү пландаштырылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0