Мектептерге эмерек сатып алуу үчүн 14 млн. сомго тендер жарыяланды

Жазылуу
Тендер кечээ жарыяланып, мөөнөтү 27-октябрда аяктайт.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясынын алдындагы Билим берүү башкармалыгы калаа мектептерине эмерек сатып алуу үчүн тендер жарыялады. 

Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда Билим берүү башкармалыгы эмерек сатып алуу үчүн 14 миллион 224 миң 880 сом сарптоого даяр.

Тендер кечээ жарыяланып, мөөнөтү 27-октябрда аяктайт.

Кыргызстандагы ири сатып алуулар боюнча тендерлерди Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0