ЖК MegaCom акциясы боюнча өкмөттөн маалымат угуу демилгесин колдогон жок

Жазылуу
Парламенттин бүгүнкү отуруму башталары менен айрым эл өкүлдөрү MegaCom акцияларын "Ата Мекен" фракциясынын кээ бир депутаттары кымырып алган делген маалыматты тактоо маселесин көтөрүшкөн.

БИШКЕК, 6-окт. —Sputnik. Парламент "Ата Мекен" фракциясынын депутатары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматов MegaCom ишканасынын акциясын кымырып алган деген маалыматты тактоо иретинде өкмөт өкүлдөрүн угуу сунушун колдогон жок. 

Эске сала кетсек, кечээ жалпыга маалымдоо каражаттарына аталган эл өкүлдөрү MegaCom ишканасынын акциясын кымырып алган деген маалымат чыккан. Аталган маалыматты тактоо үчүн өкмөттүн өкүлдөрүн угууну Шыкмаматов менен Аида Салянова көтөрүп чыккан.

"Ушул маселе боюнча Башкы прокурорду, УКМК, Мамлекеттик мүлк фондусунун жетекчисин, экономика министрин жана MegaCom ишканасынын жетекчилигин чакырып, маалымат угалы. ЖМКга чыккан макаланын чын-төгүнүн аныктайлы", — деди Шыкмаматов.

Ал эми КСДП фракциясынын депутаты Анвар Артыков маселени иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүү керектигин айтып чыкты.

Төрага Чыныбай Турсунбеков маселени добушка коюп, ага болгону 45 депутат макул деген добуш берди. Ошентип демилге өтпөй калды. Спикер депутаттык комиссия түзүү маселеси кийинки аптада карала тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0