Лицензиясыз банк операциясын жүргүзгөндөр үчүн айып пул жогорулады

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүАкча өткөрүүнүн архиви
Акча өткөрүүнүн архиви - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган мыйзам долбоору ЖК тарабынан жактырылып, 29-сентябрдан баштап күчүнө кирет.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Эртеңден тартып банктык операцияларды лицензиясы же күбөлүгү жок жүргүзгөндөргө карата жогорулатылган айып салынат. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайты кабарлайт. 

Депутат Жапаров Акылбек Усенбекович - Sputnik Кыргызстан
Радио
Акылбек Жапаров: банк системасы кыйшалаңдай турган болсо, катастрофа болот
Аталган мыйзам долбоору ЖК тарабынан жактырылып, 29-сентябрдан баштап күчүнө кирет. 

Өзгөртүүлөр КР Кодексинин 30, 357, 358, 359-беренелериндеги администрациялык жоопкерчиликтерге тийиштүү. Атап айтканда, жаңы мыйзамдагы өзгөртүүлөрдө лицензиясыз же күбөлүксүз банк операцияларын жүзөгө ашыргандыгы үчүн төмөнкүдөй өлчөмдө айыптык төлөмдөр өндүрүлө тургандыгы такталган.

  • жарандардан – 100 000 сом;
  • кызмат адамдарынан – 150 000 сом;
  • юридикалык жактардан – 250 000 сом;

Банктын мыйзам-талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн:

  • жарандардан – 20 000 сом;
  • кызмат адамдарынан – 50 000 сом;
  • юридикалык жактардан – 100 000 сом.

Ал эми административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин учурдагы редакциясына ылайык, лицензиясыз иш алып барууга 1 500 сомго чейин жана банк мыйзам талаптарын бузууга 5 000 сомго чейин айып салуу калаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0