Жээнбеков Эл аралык валюта фондусунун өкүлдөрү менен кызматташууну талкуулады

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сооронбай Жээнбеков Эл аралык валюта фондусунун (ЭВФ) делегациясы менен жолукту.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Эл аралык валюта фондусунун (ЭВФ) делегациясы менен жолукту. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган талкуу өкмөт башчы Эл аралык валюта фондусунун миссия башчысы Эдвард Жэмайэль баштаган делегация менен жолуккан учурунда болду.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Эл аралык валюта фондусунун (ЭВФ) делегациясы менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Эдвард Жэмайэль баштаган делегация мүчөлөрү менен жолугушуу учурунда 2015-2017-жылдардагы каржы саясатын өнүктүрүү боюнча меморандум талкууланды.

"Жээнбеков ЭВФ өкүлдөрүнө жасап жаткан иштери үчүн ыраазчылыгын билдирип, мындан ары да кызматташууга даяр экендигин айтты. Мындан сырткары, бюджеттеги таңкыстыкты жана чыгашаларды азайтуу каралды", — деп айтылат маалыматта. 

Жолугушуу соңунда тараптар салык мыйзамдарынын иштеши тууралуу пикир алышты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0