Балыкчы — Корумду жолун оңдоо жанданды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБалыкчы — Корумду автожолун оңдоо иштери. Архивдик сүрөт
Балыкчы — Корумду автожолун оңдоо иштери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган жолго азыркы күндө 1 миллиард 480 миллиону бөлүнүп, дагы 200 миллион сому калган.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Көчмөндөр оюндары аяктагандан кийин Балыкчы — Корумду автожолун оңдоо иштери жанданганын транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров "Өнүгүү — прогресс" фракциясынын жыйынында билдирди.

Ал өз сөзүндө азыркы күндө 1 миллиард 480 миллиону бөлүнгөнүн, дагы 200 миллион сому калганын айтты. 

"Азыр Чолпон-Атадагы Кайгуул милициясынын постуна чейинки жолдун катмары сыйрылып иштер башталды. Андан сырткары, Балыкчы шаарынын ички 7 чакырым жолу да оңдолуп жатат", — деди ал. 

Айдаров ошондой эле Балыкчыдан Тамчыга чейинки жолдун деталдуу планы дагы каралып, жатканын айтты. Андан сырткары, эгер жылдын аягына чейин өкмөт акча жагын караштырса жана аба ырайы мүмкүнчүлүк берсе, быйыл салынган 23 чакырымдын экинчи катмарын салып кетүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0