Жээнбеков: "Коопсуз шаар" долбоорун жергиликтүү органдар каржылайт

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү
Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган долбоор боюнча соттук иштер бүгүнкү күнгө чейин уланып жатат.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков "Коопсуз шаар" долбоорун жергиликтүү бийлик органдары тарабынан каржылана тургандыгын Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. 

Маалыматка ылайык, 2014-жылы долбоорду ишке ашыруу чечими кабыл алынып, 2015-жылы тендердин жеңүүчүсү болуп "Стилсофт Бишкек" компаниясы табылган. 

"Бирок тендердин жыйынтыктары жокко чыгарылып калгандыктан, ИИМдин демилгеси менен маселени иликтөө башталган. "Стилсофт" менен бирге башка компаниялар дагы сотко доо арыз менен кайрылган. Учурда соттук процесстер акырына чыга элек", — деп белгиледи Жээнбеков. 

Ушундай себептерге байланыштуу өкмөт долбоорду этаптык негизде ишке ашырып баштоо максатында каржылоо тармагын жергиликтүү бийлик органдарына жүктөө чечими кабыл алганы айтылды. 

Талкуу суроо-жооп форматында өтүп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0