MegaСom боюнча кайрадан аукцион өтмөй болду

© Sputnik"Альфа Телеком"дун расмий сайты. Архив
Альфа Телекомдун расмий сайты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул ирет компаниянын баасы 14 миллиард 255 миллион 250 миң сом деп бычылды. Бул мурункуга карангада 4,5 миллиард сомго төмөнкү бааны билдирет.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Альфа Телеком" (MegaСom соода маркасы) ишканасынын 100 пайыздык акциясын кайрадан аукционго коет. Бул тууралуу аталган фонддун расмий сайтында кабарланды. 

Аталган аукцион үстүбүздөгү жылдын 16-декабрына белгиленди. 

"Ишкананын 100 пайыздык акциясынын баштапкы баасы 14 миллиард 255 миллион 250 миң сом", — деп жазылат маалыматта. 

Сим-карта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чубактын кунундай чубалган "MegaCom" ишканасынын баяны
Буга чейинки баа 19 миллиард сом деп бычылган эле. 

100 пайыз акциясы мамлекетке караган ири уюлдук оператор февраль айында 300 миллион долларга бааланып, сатыкка коюлган. "Альфа Телеком" боюнча аукцион май айында эле өтмөк. Бирок табыштамалар түшпөгөндүктөн мөөнөтү бир нече жолу жылган. Жыйынтыгында ошол кездеги Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун жетекчиси Алмаз Кадыркулов отставкага кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0