Жыл башынан бери өлкөнүн алтын резерви 248 млн. долларга өстү

© AFP / MAHMUD TURKIAДоллар. Архив
Доллар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Резерв улуттук валютанын курсун турукташтыруу жана анын таңкыстыгын жоюу максатында пайдаланылат.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын сегиз айынын ичинде Кыргызстандын валюта резерви 247,5 миллион долларга көбөйгөнү Улуттук банктын сайтына жарыяланды. 

АКШ доллары жана 1000 сом. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сомдун наркы күзүндө арзандайбы?
Январь-август айларынын аралыгында башкы банк 121,2 миллион доллар сатып, 175 миллион доллар сатып алган. Ал эми 31-декабрга карата резервдин көлөмү 1 миллиард 778,2 миллион долларды түзсө, августтун аягына карата 2 миллиард 25,7 миллион долларга жетти. Декабрдан бери доллар туура 7 сомго арзандап, августка карата 68,89 сомду түздү. 

Резерв эл аралык төлөмдөрдү жүргүзүүгө, улуттук валютанын курсун турукташтыруу жана анын таңкыстыгын жоюу максатында пайдаланылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0