Сапар Исаков: Көчмөндөр оюнуна демөөрчүлөрдөн 3 миллион доллар чогулган

© Sputnik / Табылды КадырбековСпортсмены из Кыргызстана на турнире по джириту (метание копья верхом на лошади) на Всемирных играх кочевников
Спортсмены из Кыргызстана на турнире по джириту (метание копья верхом на лошади) на Всемирных играх кочевников - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал жакынкы аралыкта кеткен чыгымдар боюнча кеңири маалымат берилерин кошумчалады.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн демөөрчүлөрдөн 3 миллион доллар чогулган. Бул тууралуу президенттин аппарат жетекчисинин орун басары Сапар Исаков Чолпон-Атадагы маалымат жыйында билдирди. 

"Кеткен каражаттар тууралуу кенен маалымат беребиз. Алдын ала маалыматтар боюнча Көчмөндөр оюндарына демөөрчүлөрдөн 3 миллион доллар чогулган", — деди Исаков. 

Эскерте кетсек, 3-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунда Дүйнөлүк көчмөндөрдүн экинчи оюну өттү.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү.

Жаңылыктар түрмөгү
0