ТЭЦти жаңылоо үчүн 107 млн. сомго жабдуу алынды

© Sputnik / Табылды КадырбековТЭЦти жаңылоо үчүн 107 млн. сомго жабдуу алынды
ТЭЦти жаңылоо үчүн 107 млн. сомго жабдуу алынды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курулуш жана оңдоо иштери 2017-жылдын сентябрь айында толук бүткөрүү пландалып жатат.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Жылуулук электр борборун модернизациялоо иштерин толук жүргүзүү үчүн керектүү жабдыктар алып келингендиги тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда материалдар менен жабдыктар 107 миллион 674 миң долларга алып келинди. 

"ТЭЦти оңдоо иштерине 1144 жумушчу тартылды. Алардын 395и кыргызстандык, 749у кытайлык жарандар. Учурда иштин I этабы бүтүп, документтерди тапшыруу жана комиссиянын текшерүү иштери жүрүп жатат. II, III этапта аткарылчу жумуштар ишке ашырылууда. Ал эми башкы корпустун фундаменти куюлуп бүткөрүлдү", — деп айтылат маалыматта. 

Жалпы курулуш жана оңдоо иштерин 2017-жылдын сентябрь айында аяктоо пландалып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0