Улуттук банк валюта рыногуна 3,8 миллион доллар сатты

Жазылуу
Жыл башынан бери Улуттук банк 121 миллион долларды валюта рыногуна чыгарган.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Улуттук банк дүйшөмбү күнү 3,8 миллион доллар сатканы анын расмий сайтында жарыяланды.

Тыйындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
2017-жылдын бюджетинин долбоору: акча табуу, карызга алуу, насыя берүү
23-августтан бери доллардын расмий курсу 48 тыйынга чейин көтөрүлүп, 30-августта 68,78 долларды түздү.

Ошентип Улуттук банк жыл башынан бери 121 миллион 180 миң долларды валюта рыногуна чыгарган. Андан сырткары, банк 175 миллион 130 миң долларды валюта рыногунан сатып да алган.

Улуттук банк интервенцияны түрдүү себептерден улам, анын ичинде валютанын курсун кармап туруу үчүн да жасайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0