Кыргызстандын алтын валюта резерви жыл башынан бери 216 млн. долларга өстү

© AFP / ADEK BERRYАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алтын валюталык резерв сомдун куну менен валютанын жетишсиздигин жөнгө салуу үчүн колдонулат.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын жети айынын ичинде Кыргызстандын эл аралык валюта резерви 216,6 миллион долларга өскөндүгү тууралуу Улуттук банктын сайтына жарыяланды. 

Тыйындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
2017-жылдын бюджетинин долбоору: акча табуу, карызга алуу, насыя берүү
Январь-июль айларынын ичинде Улуттук банк 106,2 миллион доллар сатып, 168,32 миллион доллар кайра сатып алган. 

31-декабрга карата резервдин көлөмү 1 миллиард 778,2 миллионду түзсө, июль айынын акырында 1 миллиард 994,8 миллион долларга жеткен. 

Аталган резерв эл аралык төлөмдөрдү ишке ашырууга жана сомдун куну менен валютанын жетишсиздигин жөнгө салуу үчүн колдонулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0