2017-жылдын бюджетинин долбоору: акча табуу, карызга алуу, насыя берүү

Жазылуу
Республикалык бюджеттин киреше-чыгашасы кандай экенин, миллиарддаган дефицит эмне менен жабыларын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуздар.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Каржы министрлиги 2017-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорун иштеп чыгып, 2018-2019-жылдарга карата божомол жасады.

Sputnik Кыргызстан редакциясы башкы каржылык документтин долбоорун талдап, эмнелерге артыкчылык берилерин жана кайсы чыгым быйылкы бюджетке салыштырмалуу өзгөрө турганын аныктоону чечти. 

Киреше-чыгашалар 

Долбоорго ылайык, 2017-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 126,7 миллиард сомду түзөт, бул быйылкыга караганда 2,3 миллиардга көп. Чыгашанын да көлөмү 3 миллиардга көп болуп, 149,9 миллиард сомго жетет. Ошентип, дефицит да өстү. Анын көлөмү 800 миллион сомго көбөйүп, 23,3 миллиард сомду түзөт. Дефицит тышкы булактардын эсебинен жабылмакчы.

Акча эмнеге жумшалат

MegaСom соода маркасынын сайты. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Альфа Телеком" боюнча аукцион жыл аягында өтмөй болду
Мында мамлекеттик кызмат көрсөтүү жаатындагы чыгым 4 миллиард сомго (анын ичинде мамлекеттик аппаратка 400 миллион сомдон ашык), күч түзүмдөрүнө 600 миллион жана социалдык тармакка болжол менен 3,5 миллиард сомго көбөйгөн. Ошону менен катар чыныгы секторго чыгым дээрлик 4,2 миллиард сомго кыскарып, 47,3 миллиард сомго жакын каражатты түзөт.

Мамлекеттик карыз жана аны төлөө 

30-июнга карата мамлекеттин карызы 4 миллиард доллардан ашты. Аны төлөөгө быйыл 21,9 миллиард сом каралган. Келерки жылы 1,7 миллиард сомго кем төлөө пландалууда. Бирок тышкы карыз боюнча төлөмдөр 1,4 миллиард сомго өсүп, 11.2 миллиард сомду түзөт. Ал эми ички карыздарды төлөө кыскарат. 

Өнүктүрүү бюджети

Бул тармактын каражаты 3,8 миллиард сомго кыскарып, 30,1 миллиарддан ашат. Мамлекеттик инвестициялар менен капиталдык салымдарга гранттарды азайтуу сунушталган.

Бюджетти колдоо

Бул максаттар үчүн эл аралык уюмдардын жардамын пайдаланып, грант жана насыя түрүндө дээрлик 8 миллиард сом алуу пландалууда, бул быйылкыдан 2,3 миллиардга көп.

Кечиктирилгис чыгымдар 

Өкмөт келерки жылы кийинкиге калтырууга болбой турган айрым бир чыгымдарды каржылоо ниетинде:

  • 400 миллион — президенттик шайлоого;
  • 210 миллион — мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө;
  • 70 миллион — Тайлак баатыр жөнүндө тасмага
  • 140 миллион — сот чечимдеринин аткарылышына;
  • 100 миллион — чек ара аймактарын өнүктүрүүгө.

Турмуш-тиричилик

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков республикалык бюджет каралып жаткан жыйын учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: өкмөттөн берилчү ипотекалык насыянын үстөгүн 10%га төмөндөтүү керек
Ошондой эле Каржы министрлиги келерки жылы кыргызстандыктар кантип жашай турганын эсептеп чыкты. Калктын кирешеси 27,4 миллиард сомго өсүп, 338,7 миллиардды түзөт. Орточо маяна миң сомго көтөрүлүп, 15,5 миң сом болот. Ошондой эле жумушсуздук бир аз кыскарып, экономикалык активдүү калктын 7,9 пайызын түзүп калмакчы. 

Белгилей кетсек, бул болгону бюджеттин долбоору гана, андыктан сандар өзгөрүшү мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0