"Альфа Телеком" боюнча аукцион жыл аягында өтмөй болду

© Sputnik / Табылды КадырбековMegaСom соода маркасынын сайты. Архив
MegaСom соода маркасынын сайты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аукцион үстүбүздөгү жылдын май айында эле өтмөк, бирок табыштама түшпөгөндүктөн мөөнөтү бир нече жолу жылган.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. "Альфа Телеком" жабык акционердик коому (MegaСom соода маркасы) боюнча аукцион жыл аягында өткөрүлө турганын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун жетекчиси Мелис Мамбетжанов билдирди. 

Анын айтуусу боюнча аукционду өткөрүү мөөнөтүн комиссия аныктайт. 

"Мыйзам боюнча аукцион мурунку сатуудан 90 күн өткөнчө өткөрүлүшү керек эле. Менимче, ноябрь-декабрь айына барып такалат го… Баштапкы баасы сакталабы же жокпу, аны комиссия чечет. Бирок менчиктештирүүдөн түшкөн каражат быйылкы жылдын бюджетине кошулганын эске салат элем", — деди Мамбетжанов. 

100 пайыз акциясы мамлекетке караган ири уюлдук оператор февраль айында 300 миллион долларга бааланып, сатыкка коюлган. "Альфа Телеком" боюнча аукцион май айында эле өтмөк. Бирок табыштамалар түшпөгөндүктөн мөөнөтү бир нече жолу жылган. Жыйынтыгында ошол кездеги Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун жетекчиси Алмаз Кадыркулов отставкага кеткен.

Өлкөнүн тарыхындагы болгон эң ири аукциондорду Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0