Соцфонд пенсияны көбөйтүүнү сунуштап жатат

Жазылуу
Эгер документ колдоо тапса орточо пенсия болжол менен 5173 сом болуп калат.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Социалдык фонд 1-октябрдан баштап пенсиянын камсыздандыруучу бөлүгүн көбөйтүү боюнча өкмөттүн токтом долбоорун иштеп чыкты. Документ өкмөттүн сайтында коомдук талкууга коюлду.

Буга чейин үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан баштап пенсия жогорулай турганы айтылган. Электр энергиясы үчүн берилүүчү компенсацияны кошо эсептегенде анын орточо көлөмү 4753 сом болмок. Учурда пенсиянын камсыздандыруучу бөлүгүн 8ден 16 пайызга чейин көбөйтүү сунушталып жатат. Ал эми I топтогу майыптардын акчасын 4,7 миң сомго жогорулатуу каралууда.

"Кошула турган акчанын орточо көлөмү — 480 сом. Натыйжада орточо пенсия болжол менен 5173 сом болуп, 2016-жылдын сентябрына караганда 10,2 пайызга жогорулайт", — деп айтылат документтин негиздемесинде.

Пенсиянын көбөйтүүгө кеткен чыгым Социалдык фонддун бюджетинен алынат. Ал эми республикалык бюджеттен кошумча акча талап кылынбайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0