БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Улуттук илимдер академиясы компьютер сатып алуу үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда компьютердик техника 8 миллион 374 миң 442 миң сомго сатып алынганы жатат. Көрсөтүлгөн сумма кошумча нарк салыгы менен транспорттук чыгымдарды эске алуу менен көрсөтүлгөн.
Тендер 16-августта жарыяланып, мөөнөтү 6-сентябрда аяктайт.