Улуттук банк алтын резервин 400 млн. сомго толуктады

Жазылуу
Июль айына карата Кыргызстандын эл аралык валюталык резерви эки миллиард долларды түздү.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын алты айында Улуттук банк 412 миллион долларга алтын сатып алды. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында айтылат. 

Биринчи жарым жыл аралыгында Улуттук банк бир катар финансылык операцияларды жасады. 

"Ички рыноктон 412,4 миллион сомго алтын сатылып алынды", — деп айтылат маалыматта.

Эгемен Кыргыз Республикасына 25 жыл коллекциялык күмүш монетасы - Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк коллекциялык күмүш тыйындарды сатыкка чыгарды
Бирок баалуу металл кандай максат менен алынганы көрсөтүлгөн эмес. Мындай аракет алтын запасты толуктоо үчүн же инвестициялык куймаларды жасоого багытталышы ыктымал.

Мындан тышкары, экономиканы өбөлгөлөө алкагында банктарды жеңилдетилген негизде каржылоо үчүн 1,1 миллиард сом бөлүндү. 

Июль айына карата Кыргызстандын эл аралык валюталык резерви эки миллиард долларды түздү.

Жаңылыктар түрмөгү
0