БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Баткен облусуна аймактык биофабрика куруу үчүн Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы "Кыргызагробиоборбор" агенттиги тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда фабриканы куруу иштерине 22 миллион 460 миң сом жумшалганы жатат.
Тендер 15-августта жарыяланып мөөнөтү 5-сентябрда аяктайт.