Жээнбеков: ЕАЭБ ичиндеги тоскоолдуктарды тез арада жоюу керек

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сооронбай Жээнбеков Сочиде өтүп жаткан Евразиялык өкмөт аралык кеңештин жыйынында
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Сочиде өтүп жаткан Евразиялык өкмөт аралык кеңештин жыйынында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьердин айтымында, ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосундагы соода жүргүзүүдө бир катар тоскоолдуктар бар. Мындан улам биримдиктин негизги документтерин иштеп чыгып, аз убакыт ичинде ишке ашыруу керек.

БИШКЕК, 12-авг. – Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин ортосундагы тоскоолдуктар тез аранын ичинде жоюлушу керек. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Сочиде өтүп жаткан Евразиялык өкмөт аралык кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өлкөлөрдүн соода жүргүзүүсүндө бир катар тоскоолдуктар бар. Кыргыз-казак чек арасындагы ветеринардык-санитардык көзөмөлдү алуу боюнча маселе чечиле элек. 

"Учурдагы көйгөй жаратып жаткан маселелер 3-5 ай дегенде араң чечилип жатат. Бул туура эмес. Маселелер аз убакыттын ичинде жоюлушу керек. Демилгени ЕАЭБдин органдарына сунуштайбыз", — деди Жээнбеков. 

Ал мындан тышкары, жакынкы күндөрү Кыргызстандан чыккан жүктөр үчүн бирдиктүү темир жол тарифтерин киргизүү боюнча Казакстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп, Кыргызстан Бажы кодексин иштеп чыгууга зор салым кошуп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0