Бюджет: Кыргызстандын чыгашасы кирешеге салыштырмалуу 26 млрд. сомдон ашты

Жазылуу
Жыл башынан бери 64 миллиард сом киреше кирсе, чыгаша 90 миллиард сомдон ашык сумманы чапчыган.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Финансы министрлигине караштуу "Ачык Бюджет" порталы 11-августка карата Кыргызстандын киреше-чыгашасын жарыялады.

Маалыматка караганда үстүбүздөгү жылдын 11-августуна карата мамлекеттик бюджеттин чыгашасы кирешеге салыштырмалуу 26 миллиард сомдон ашкан.

Тагыраагы, киреше 64 миллиард 511 миллион 885 миң 724 сомду түзсө, чыгашанын суммасы 90 миллиард 980 миллион 401 миң 035 сомго жеткен.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0