Финансы министрлиги эмки жылдын бюджеттик долбоорун эки күндөн кийин сунуштайт

Жазылуу
Негизги каржылык документтин бет ачарына премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен өкмөттүн мүчөлөрү катышат.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Бишкекте 12-август күнү республикалык бюджеттин 2017-жылга карата долбоорунун коомдук угуусу өткөрүлөт. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Балыкчы — Корумду жолунун оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Финансы министрлиги Балыкчы — Корумду жолун оңдоого 1 млрд. сом бөлөт
Каржы документинин бет ачарына финансы министри Адылбек Касымалиев, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдар, мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышат. 

Мындан тышкары жыйналышта сот системасы, Билим берүү жана илим, Саламаттык сактоо, Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация, Транспорт жана жолдор министрликтеринин бюджеттик долбоорлору талкууланат. 

Ага өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун катышуусу күтүлүүдө. 

Жаңылыктар түрмөгү
0