Жээнбеков Чүйдү түрө кыдырып, өнөр жай жана айыл чарба ишканаларын көрөт

Жазылуу
Иш сапар учурунда бир канча заводдордун жана кооперативдердин ишмердүүлүгүн текшерет.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Бүгүн, 9-августта премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Чүй облусун кыдырып, өнөр жай жана айыл чарба объектилеринин ишин көрө турганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында өкмөт башчы Москва районундагы эт азыктарын жана сүт өндүргөн заводдордун иши менен таанышат. 

Мындан сырктары, Сооронбай Жээнбеков Жайыл районундагы "Шертай" фермердик чарбачылыгынын жана "Жайыл" кооперативинин ишмердүүлүгүн текшерет.

Жаңылыктар түрмөгү
0