ЕАЭБ мамлекеттери менен АСЕАН эркин экономикалык аймак түзөт

© Фото / Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүАСЕАНга мүчө мамлекеттеринин желектери. Архив
АСЕАНга мүчө мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Лаосто өткөн Россиянын жана АСЕАНга мүчө мамлекеттердин экономика жана соода министрлери жолугуп, эркин экономикалык аймакты түзүү боюнча изилдөөчү топ түзүү чечимин кабыл алышты.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. ЕАЭБ менен АСЕАНге мүчө мамлекеттер ортосунда эркин соода аймагын түзүү аракеттери акырындык менен иш жүзүнө аша баштаганын РИА Новости РФтин экономикалык өнүгүү министри Алексей Улюкаевге шилтеме берүү менен билдирди.

Ал тийиштүү изилдөөчү топту түзүү чечими Лаосто өткөн жыйында кабыл алынганын айткан.

Буга чейин РФ президенти Владимир Путин май айында Сочи шаарында өткөн Россия-АСЕАН саммитинде ЕАЭБ менен АСЕАН мамлекеттеринин ортосунда эркин экономикалык аймакты түзүүгө мүмкүн экенин билдирген.

"Биз эркин соода аймагын түзүүнүн техникалык экономикалык негиздемеси тууралуу сүйлөштүк. Буга карата саясий эрк Сочиде өткөн Россия-АСЕАН саммитинде айтылган", — дейт Улюкаев.

Бул ишти активдештирүү үчүн жогорку кызмат адамдарына тапшырма берилгенин, ошондой эле соода аймагы алдыдагы 2-3 жылда ишке аша турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0