ЕАЭБге бирдиктүү валюта керекпи?

© Sputnik / Табылды КадырбековЕАЭБге мүчө мамлекеттеринин желектери. Архив
ЕАЭБге мүчө мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Евразиялык экономикалык биримдиктеги мамлекет башчыларынын деңгээлинде бирдиктүү валюта киргизүү демилгеси бир нече жолу көтөрүлгөн. Айрымдары акчаны алтын деп атоону да сунушташкан.

САРЫ-ОЙ, 4-авг. — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдиктин аймагында бирдиктүү валюта киргизүүнүн оң жана терс жактарын Евразиялык өнүгүү банкынын интеграциялык изилдөөлөр борборунун директорунун орун басары Михиал Демиденко "10 жыл — идеядан аракеттерге чейин" аттуу тегерек столдо айтты.

Ал бул маселе жогорку деңгээлде дагы бир нече жолу көтөрүлгөнүн баса белгиледи. Бирок акыркы убакта мамлекет башчылары анын өтө зарылдыгы деле жок экенин айтышууда. Буга чейин Евразиялык өнүгүү банкы бирдиктүү валютанын келечеги тууралуу изилдөө жүргүзгөн. Анын жыйынтыктары тууралуу эксперт иш-чарада кеп кылды.

"Жакшы жактарынын бири — сооданын көлөмү өсөт. Мисалы, Европа биримдигинде евронун кириши менен товар айлануу 8-23 пайызга чейин жогорулаган. Экинчи жагынан валюта алмаштырууда киреше азаят. Үчүнчүдөн кредиттик "авторитети" туруктуу экономикалар күчтөнүп, бардык мамлекетте насыялык чендин азайышына алып келет", — деди Демиденко.

Президент: 2-3 жылда ЕАЭБ рыногун ээлейбиз - Sputnik Кыргызстан
Президент: 2-3 жылда ЕАЭБ рыногун ээлейбиз
Ал ошондой эле бирдиктүү валютаны киргизүүнүн оорчулугу катары мамлекеттердин экономикалык абалы ар башка экенин белгиледи. Ошондой эле мамлекеттер ортосундагы товар айлануунун аздыгы, өзгөрүлмө инфляция да бар.

Демиденко бирдиктүү валютаны мамлекеттердин экономикасы бир-бирине сиңишип, товар айлануу туруктуу болуп калганда киргизсе, жакшы жыйынтык бериши мүмкүндүгүн айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0