Канада соту КРдин Centerra Gold Inc. компаниясындагы акцияларын камактан чыгарды

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKO Сотрудник на заводе по обогащению золотоносной руды добываемой на руднике Кумтор
Сотрудник на заводе по обогащению золотоносной руды добываемой на руднике Кумтор - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жылдын соңу менен быйылкы жылдын башында соттук териштирүүнүн алкагында "Кыргызалтын" ишканасынын Centerra Gold Inc. компаниясындагы 11 миллиондон ашуун акциясы камакка алынган.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Канаданын Онтарио провинциясынын Жогорку соту "Кыргызалтын" ишканасынын Centerra Gold Inc. компаниясындагы бардык акцияларын камактан чыгарды. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, акциялар "Кыргызалтын" активдеринин эсебинен Кыргызстанга каршы чыккан арбитраждык чечимдердин аткарылышы боюнча жүргөн соттук териштирүүнүн алкагында камакка алынган. 

Кыргыз өкмөтүнүн жыйы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз өкмөтү Centerra Gold Inc. компаниясындагы үлүшүнүн кыскарышына каршы
20-июлда Онтарио провинциясынын Жогорку соту ААКтын өтүнүчүн жана соттун 2016-жылдын 11-июлундагы талаш боюнча чечимин эске алуу менен камакка алынган 11 миллион 253 миң 655 акцияны, ошондой эле төлөнө турган дивиденддерди бошоткону маалыма болду.

Таратылган билдирүүдө учурда "Кыргызалтын" ААКтын акциялары менен дивиденддерине эч кандай чектөө жок экени айтылат. 

Буга чейин (2011чи жана 2014-жылдары) төрт компания — "Манас Банк" ЖАКтын акционерлери, В. Белоконь, түрктөрдүн Sistem Muhendislik Insaat Sanayi ve Ticaret Anonim Sirketi, Stans Energy Corp компаниясы жана Entes Industrial Plants Construction & Erection Constructing Co. Inc. компаниясы Онтарионун жогорку сотуна кайрылган. Алар Кыргызстандын эл аралык арбитраждык чечимдерди аткаруусун талап кылышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0