Бишкек менен Кытайдагы ири калаалардын бири Ухань бир тууган шаар болуп калды

© Sputnik / Юрий Кавер / Медиабанкка өтүүУхань шаары. Архив
Ухань шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ухань — Хубэй провинциясынын административдик борбору. Кытайдагы эң көп эл жашаган шаарлардын бири.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Кыргызстандын борбору Кытайдагы ири шаарлардын бири Ухань калаасы менен бир тууган шаар болуп аталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Аталган шаарлардын кызматташуусу боюнча макулдашууга кол коюу аземи жума күнү көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде болду.

"Макулдашууга Бишкектин вице-мэри Эрнис Зарлыков менен Ухань шаарынын вице-мэри Шао Вэймин кол койду", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми ишемби күнү мэр Албек Ибраимов Шоа Вэймин менен жолугуп, алдыдагы кызматташуулар боюнча сүйлөшүштү.

Ухань — Хубэй провинциясынын административдик борбору. Кытайдагы эң көп эл жашаган шаарлардын бири.

Жаңылыктар түрмөгү
0