"Кыргызалтын" 15 миллиондон ашык сомго күйүүчү жана майлоочу май сатып алат

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүМай куючу жай. Архив
Май куючу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тендер 19-июлда жарыяланып анын мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 9-августунда аяктайт.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. "Кыргызалтын" ачык акционердик коому 15 миллион 021 миң 840 сомго күйүүчү жана майлоочу май сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды. 

Порталдагы маалыматка караганда "Кыргызалтын" ишканасы 300 миң литр дизелдик май, 25 миң 560 литр АИ-80 жана АИ-92 үлгүсүндөгү бензин, беш миң литр мотор майы жана ТАД-17 үлгүсүндөгү майдан 2 500 миң литр сатып алууну көздөп жатат. 

Тендер 19-июлда жарыяланып, мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 9-августунда аяктайт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0