Атамбаев банк ишинде швейцариялык тажрыйбаны үйрөнүү керектигин белгиледи

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАлмазбек Атамбаев Швейцария Улуттук банкынын төрагасы Томас Йорданды кабыл алуу учурунда
Алмазбек Атамбаев Швейцария Улуттук банкынын төрагасы Томас Йорданды кабыл алуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Швейцария Улуттук банкынын төрагасы Томас Йорданды КР президенти Алмазбек Атамаев кабыл алды

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев Швейцария Улуттук банкынын төрагасы Томас Йорданды кабыл алып жатып, Кыргызстан алардын финансы, банк иштериндеги тажрыйбасын үйрөнсө болорун айтты.

Коммерциялык банктардын биринде насыялоо башкармалыгынын жетекчиси, финансист Айдин Данияров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кредитке алынган келиндер — насыя тууралуу олуттуу маек
Мамлекет башчысы швейцариялык тарапка көп жылдардан бери көрсөтүп келе жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, банк ишмердүүлүгүндө кыргыз-швейцариялык көп жылдык кызматташтыктын жемиштүүлүгүн белгиледи. Президент бул жааттагы Томас Йордандын жеке ролун баса белгилеп, финансы, банк ишин алып барууда швейцариялык тажрыйбаны үйрөнүүнүн маанилүү экендигине токтолду.

"Швейцария Улуттук банкынын төрагасы Томас Йордан швейцариялык тарап Кыргызстан менен болгон жылуу жана өз ара ишенүүчүлүк мамилени баалай тургандыгын айтты. Ал эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Жолугушууда банк ишмердүүлүгүндө биргелешкен долбоорлордун жүзөгө ашыруунун жүрүшү талкууланды. Андан сырткары Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банктын швейцариялык тобуна кирген өлкөлөрдүн алкагында өз ара кызматташуунун негизги артыкчылыктарына да көңүл бөлүндү.

Жаңылыктар түрмөгү
0