Кыргыз өкмөтү Centerra Gold Inc. компаниясындагы үлүшүнүн кыскарышына каршы

Жазылуу
Учурда "Кыргызалтын" тарабынан аталган макулдашуунун финансылык-экономикалык анализи жүргүзүлүп жатат.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Centerra Gold Inc. компаниясынын Канаданын Британиялык Колумбия провинциясындагы алтын менен жез казган "Томпсон Крик Металз" ишканасын сатып алуу чечими боюнча кыргыз өкмөтү билдирүү таратты.

Аталган компания Канададагы кен казуучу ишкананы сатып алуусу тууралуу расмий маалымдады. Мында аталган келишим компаниянын жеке каражатын, Канаданын Scotia Bank банкынан алынган насыя жана Centerra Gold Inc. компаниясынын кошумча акциясын чыгаруу менен ишке ашыруу каралган. 

Кыргыз өкмөтү бул тууралуу кабардар болбогонун, кат жүзүндөгү билдирүү компаниянын директорлор кеңешинин чечими чыккандан кийин келгенин кабарлады.

"Кен казуучу компанияны сатып алуудан "Кыргызалтын" ишканасынын Centerra Gold Inc. компаниясындагы үлүшү төмөндөй турганын эске алып, кыргызстандык ишкананын директорлор кеңеши аталган чечимге каршы добуш беришти. Бирок "Томпсон Крик Металз" компаниясын сатып алууга Centerra Gold Inc. ишканасынын директорлор кеңешинин башка мүчөлөрү макулдугун берип койгон", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда "Кыргызалтын" тарабынан аталган макулдашуунун финансылык-экономикалык анализи жүргүзүлүп жатат. 

Кумтор алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутаттар Кумтөр боюнча кылмыш иштердин эскирип кетүүсүн жокко чыгарууну каалашат
"Кыргыз өкмөтү мурдагыдай эле Centerra Gold Inc. ишканасындагы үлүшүнүн кыскарышына каршы позициясын карманат", — деп айтылат маалыматта.

Ушу тапта кыргыз өкмөтү менен Centerra Gold Inc. ишканасынын жетекчилигинин ортосундагы сүйлөшүүлөрдү улантуу боюнча макулдашуулар жүрүп жатат. Мында "Кумтөр" долбоорунун айланасындагы маселелер майда-чүйдөсүнө чейин талкууланып, канадалык компаниянын сатып алынышынын анын келечегине тийгизе турган таасири ортого салынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0