Финансы министрлиги Ош ИИБдин тендер боюнча билдирүүсүн жокко чыгарды

© SputnikМамлекеттик сатып алуулар сайты. Архив
Мамлекеттик сатып алуулар сайты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тендер чыры сатып алуулар порталына коюлган тендер конкурсуна латын тамгалар аралашып кетти, бул коррупцияга жол ачат деген билдирүүдөн кийин башталган.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ИИМдин жер тилкесине көп кабаттуу үй куруу боюнча жарыяланган тендери токтотулган эмес деген маалыматын Финансы министрлиги жокко чыгарды.

Мамлекеттик сатып алуулар сайтын окуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тендер чуусу: миллиондорду чапчыган тамгалар, же "латындашуудан" кантип арылуу керек
Бул туурасында Финансы министрлиги өзүнүн сайтына жайгаштырды.

Министрлик мындай билдирүүнү Sputnik Кыргызстан агенттигинин буга чейин "Тендер чуусу: миллиондорду чапчыган тамгалар, же "латындашуудан" кантип арылуу керек" деген аталыштагы материалдагы маалыматты жүйө катары келтирген.

Анда ИИМдин Ош шаардык жана облустук башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Жеңиш Ашырбаев жарыяланган тендер токтотулбаганын айткан.

"Бирок Финансы министрлиги Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан 30.05.2016-жылы 16053014437227 номур менен жарыяланган конкурстун токтотулганы туурасында кат алгандыгын расмий түрдө билдирет",— деп кабарланган сайтында.

Жол салуу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутат: Бишкек — Кара-Балта жолунун тендерин 1 млрд. сом кымбат айткан компания уткан
Аталган министрлик мындан сырткары Ош шаарынын ИИБине Коргоо кеңештин катчылыгы мыйзам нормаларын бузгандыгы боюнча конкурсту жокко чыгаруу боюнча кат жөнөткөндүгүн билдирди.

Ал эми ИИМдин маалымат кызматынан коомчулукта көп талкуу жараткандыктан, аталган тендер жокко чыгарылгандыгын маалымдашты.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган бир катар тендерлер туура эмес, тагыраагы кириллица эмес, кайсы бир тараптардын кызыкчылыгы үчүн латын тамгалары менен киргизилген деген маалыматтар чыккан. Алардын бири Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын 431 миллион сомдук үйдү куруу боюнча жарыяланган тендери деп айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0