"Газпром Кыргызстан" көгүлтүр оттун тарифин кайра эсептеп чыкты

Жазылуу
Ага ылайык, май жана июнь айларында газга болгон баа 30 тыйынга арзандаган.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. "Газпром Кыргызстан" ишканасы көгүлтүр оттун тарифин кайра эсептеп чыкты. Бул тууралуу аталган ишкана билдирди. 

Апрель айында көгүлтүр оттун 1 куб метрге болгон баасы карапайым калк үчүн 14,61 сомду түзсө, бюджеттик уюмдар жана ишканалар үчүн 17,41 сом болгон.

"Газпром" ишканасынын жаңы макулдашууларына ылайык, газды сатып алуу 15 долларга арзандаган. Ошого байланыштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан жаңы тарифтер бекитилди. Аталган агенттиктин буйругу менен "Газпром Кыргызстан" ишканасы апрель айынан тарта тарифтерди санап чыкты", — деп айтылат маалыматта. 

Ал эми май жана июнь айларында баа 30 тыйынга арзандаган. 

Июль айында болсо газдын 1 куб метри 14, 18 сом, бюджеттик уюмдар, компаниялар үчүн 17,41 сом болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0