Кыргызстан өз продукциясын Германияда көрсөтөт

© Sputnik / Николай Хижняк / Медиабанкка өтүүСүт заводу. Архив
Сүт заводу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул иш чарага 94 мамлекеттин өкүлдөрү келет, ага Кыргызстандын беш компаниясы да катышат.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Кыргызстан Франкфуртта (Германия) өтө турчу азык-түлүк көргөзмөсүнө катыша турганын Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

"Hi Europe & Ni" көргөзмөсү 29-ноябрдан 1-декабрга чейин өтөт.

Белоруссиянын айыл чарба жана азык-түлүк министри Леонид Заяц биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Белоруссия айыл чарба продукциясын Кыргызстан менен чогуу өндүрүүгө кызыкдар
Бул иш-чара 20 жылдан бери тамак-аш индустриясы жаатындагы эң ири көргөзмө болуп келет. Ал 94 мамлекеттен 8 миңден ашык кишини камтыйт. Көргөзмөгө келгендердин 76 пайызынын сатып алуу мүмкүнчүлүгү жогору жана 39 пайызы ири компаниялардын жетекчилери жана өкүлдөрү.

Аталган көргөзмөдө Кыргызстандын атынан павильон ачуу чечими Германиянын импортун алдыга жылдыруу бюросунун (IPD) жана Эл аралык кызматташуу боюнча Германиялык коомдун өкүлдөрү менен КРдин өнөр-жай палатасынын өкүлдөрүнүн 15-мартта болгон жолугушуусунда кабыл алынган.

Аталган көргөзмөгө катышууга Бишкек, Нарын жана Оштон атамекендик беш компания тандалып алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0