Эл аралык валюта фондусу Кыргызстанга токтоосуз 13,4 млн. доллар бөлөт

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүЭл аралык валюта фондусунун имараты. Архив
Эл аралык валюта фондусунун имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган каражат Кыргызстандын расмий бийлиги тарабынан ЭДБнын программаларын толук кандуу аткаргандыгы үчүн бөлүнгөн.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Эл аралык валюта фондусу (ЭВФ) аткаруу кеңеши Кыргызстанга токтоосуз 13,4 миллион доллар бөлүү чечимин бекитти. Бул тууралуу аталган банктагы Кыргызстандын өкүлү билдирди. 

Скворечник. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт башчы: эл ипотекалык компанияга ишенбей калышы мүмкүн
Маалыматка ылайык, 17-июнь күнү ЭФВ насыяларды жайылтуу механизми үчүн үч жылдык келишиминин алкагында Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрүн тыкыр иликтеп чыккан. 

Анын жыйынтыгы менен Кыргызстанга токтоосуз жардам көрсөтүүнүн жалпы суммасы 40,3 миллион долларга жетет. 

Ал эми насыяларды жайылтуу механизми үчүн 92,4 миллион доллар бөлүп берүү боюнча макулдашууга 2015-жылдын 8-апрель күнү кол коюлган. 

Аталган каражаттар Кыргызстандын расмий бийлиги тарабынан ЭФВтин программаларын толук кандуу аткаргандыгы үчүн бөлүнгөн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0