Токтогул суу сактагычында суу көбөйдү. Буга чейинки рекорддук көрсөткүчтөр

© Фото / Владислав УшаковТоктогул суу сактагычы. Архив
Токтогул суу сактагычы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Токтогул суу сактагычынын буга чейинки рекорддору тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Электр станциялары" ишканасы айтып берди.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Акыркы күндөрү Токтогул суу сактагычына суунун кирүүсү секундасына эки миң куб метрге чейин жетүүдө. Бирок бул рекорддук көрсөткүч эмес. Мындай маалыматты "Электр станциялары" ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-июнь күнү суунун кирүүсү 1 995 куб метрди түзсө, агып чыгуусу 201 куб метрге жеткен. 

Учурда суу сактагычта суунун көлөмү 12 миллиард 459 миллион куб метрге жетти. 

"1987-жылдын 4-июнь күнү суунун кирүүсү 2301 куб метрге жетсе, 1988-жылдын 23-июнунда 2384 куб метрди түзгөн. Ал эми 1996-жылы 14-июнда суунун кирүүсү 2483 куб метрге чейин болгон", — деп айтылат маалыматта. 

Эскерте кетсек, былтыр ушул убакта суунун кирүүсү 976 куб метрди түзүп, көлөмү 9,2 миллиард куб метрге жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0