Жээнбеков эл аралык экономикалык форумга катышуу үчүн Кытайга барат

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр Сооронбай Жээнбеков. Архив
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Жайкы Давос — 2016" экономикалык форуму үстүбүздөгү жылдын июнь айынын аягында Тяньцзинь шаарында өтөт.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков эл аралык "Жайкы Давос — 2016" экономикалык форумуна катышат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Шанхай кызматташтык уюмунун - Sputnik Кыргызстан
Кытай ШКУнун Түркия менен кызматташуусун бекемдөөгө кызыкдар
Мындай чечим Жээнбековдун Кытай эл республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ци Даю менен жолугушуусу учурунда кабыл алынды. 

Премьер-министр иш-сапарынын алкагында Кытай өлкөсүнүн мамлекеттик кеңешинин жетекчиси Ли Кэцян менен жолугат. Өз кезегинде премьер-министр чакыруу үчүн ыраазычылык бидирди. 

Элчи Ци Даюй Жээнбековдун иш сапары эки өлкөнүн кызматташуусун чыңдай турганын кошумчалады. 

"Жайкы Давос — 2016" экономикалык форуму үстүбүздөгү жылдын июнь айынын аягында Тяньцзинь шаарында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0