Петербург экономикалык форумуна Кыргызстандан Арзыбек Кожошев барат

© Sputnik / Таалай ОроскуловЭкономика министри Арзыбек Кожошев. Архив
Экономика министри Арзыбек Кожошев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экономика жана бизнес жаатындагы ири окуя деп саналган форум өз ишин бүгүн баштайт.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Экономика министри Арзыбек Кожошев Санкт-Петербургда өтө турган Петербург эл аралык экономикалык форумуна катыша турганын аталган министрлик билдирди.

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Кытайдын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Ци Даюй менен жолугушту. - Sputnik Кыргызстан
Кытай элчиси ТИМ башчысы Абдылдаев менен эки тараптуу мамилени талкууга алды
Иш-чара 16-18-июнь күндөргө белгиленген. Анын алкагында министр Кожошев "экономикалык өз ара кызматташуунун келечектүү форматтары" деп аталган доклад окуйт.

Петербург эл аралык экономикалык форум — экономика жана бизнес дүйнөсүндөгү уникалдуу окуя. Мында Россия, дегеле жалпы дүйнө алдында турган маанилүү экономикалык маселелер талкууланып, форумга 10 миңден ашуун өкүл катышып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0