Күзүндө Камбар-Ата-2 ГЭСинин кубаттуулугу эки эсе жогорулайт

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЭлектр зымда оңдоо иштери. Архив
Электр зымда оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда кубаттуулугу 120 мегаватт болгон бир гана агрегат иштеп жатат. Ушундай эле кубаттуулуктагы экинчи блок орнотулат.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Күзүндө Камбар-Ата-2 ГЭСине экинчи агрегатты орнотуу башталарын Sputnik Кыргызстан агенттигине "Электр станциялар" ишканасы билдирди.

Реконструкция, көк тиреген түтүктөр. Бишкектеги ТЭЦтин асмандан көрүнүшү
Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушу 1986-жылы башталып, 90-жылдары каражаттын тартыштыгынан улам токтоп калган. Анда бардыгы болуп үч агрегат орнотулуп, ар биринин кубаттуулугу 120 мегаваттка жетет. Курулуш иштери 2007-жылы жанданып, үч жыл өткөндөн кийин алгачкы агрегаты орнотулган.

"Электр станциялары" ААКтын маалыматына ылайык, каржы булагы табылган. Экинчи агрегатты орнотууга 109 миллион доллар кетет.

"План боюнча керектүү иштер ноябрь айында башталат", — деп компаниядан билдиришти.

Экинчи агрегатты ишке киргизгенден кийин аталган ГЭСтин кубаттуулугу 240 мегаваттка чейин көбөйөт. Ал эми үчүнчү агрегат Камбар-Ата-1 ГЭС толук ишке киргизилгенден кийин коюлат.

Жаңылыктар түрмөгү
0