ӨКМ: жыл башынан бери табигый кырсыктын зыяны 50 млн. сомго чукулдады

© Фото / пресс-служба МЧС КРСузакта болжон жер көчкү. Архив
Сузакта болжон жер көчкү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМдин маалыматында жыл башынан бери жазга жуук 35 ирет сел жүрүп, тогуз ирет жер көчүп жана бир ирет катуу шамал болгон.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Жыл башынан бери табигый кырсыктан республика 49 миллион 440 миң 300 сомдук зыян тарткан. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Улуттук монеталар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Майдагы жаан-чачын Кыргызстандын экономикасын каптап кетпейби
Маалыматка ылайык, кырсыктан аман сакталып калган тургундардын саны 160ка жеткен

2016-жылдын башынан тарта 58 ар кыл чукул кырдаал түзүлсө, анын 45и жаратылыш кырсыктарынан улам жаралган. 

Жаздын келиши менен өлкө аймагында жамгыр арбын жаап, дарыялар нугунан чыгып жана жер көчкүлөр активдеше баштады. 

ӨКМдин маалыматында жыл башынан бери жазга жуук 35 ирет сел жүрүп, тогуз ирет жер көчүп жана бир иреткатуу шамал болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0